Былтыр Кумтөрдөн 17,5 тонна алтын казылды  

Автор

2022-жылы Кумтөрдөн 17 тонна 305 килограмм алтын казылды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, күн мурун Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында КР Финансы министрлигинин 2022-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчету каралды.

Анда депутат Дастан Жумабековдон Кумтөрдөн түшкөн кирешелер жана Кумтөр кенинде 2022-жылга карата алтын өндүрүүнүн көлөмү боюнча суроо берилди.

Финансы министрлиги тактоо иретинде белгилегендей, Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолуна (КРМК 2023-жылдын 6-сентябрындагы № 484 токтому) ылайык алтын жана Доре эритмесин өндүрүүнүн болжолдонгон көлөмү 15 862,8 кг, реалдуу 2021-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 108,9%.

Ошол эле учурда 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кумтөрдө алтындын иш жүзүндөгү өндүрүшү 17 305 кг, сатылган алтындын көлөмү 17 284 кг түздү.

Кумтөрдөн 2022-жылга салыктык түшүүлөрдүн иш жүзүндөгү көлөмү 27 959,4 млн сомду түзүп, 2021-жылга карата өсүү темпи 267,3%ды түздү. Салык төлөмдөрүнөн тышкары, Кумтөр төмөнкүдөй милдеттүү төлөмдөрдү жүргүзгөн:

 

социалдык төлөмдөр;

айлана-чөйрөнү булгоо үчүн төлөмдөр;

суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн төлөм;

айлана-чөйрөнү булгоо үчүн төлөмдөр;

ошондой эле Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду сыяктуу фонддорго төлөмдөр, “Теңир-Тоо” Нарын облусун өнүктүрүү фонду, Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду, Жаратылышты өнүктүрүү фонду ж.б.

Бөлүшүү:
Next Post

Экс-президент жана уулдары алдамчылык үчүн күнөөлүү деп табылды

Нью-Йорктун соту АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампты жана анын үч уулун алдамчылык үчүн күнөөлүү деп тапты.  Трамптар 10 жылдан бери жалган каржылык отчет берип келишкен. Сот Артур Энгорон башкы прокурор Летитиа Жеймстин кыскача чечим чыгаруу өтүнүчүн канааттандырып, Трамп, анын уулдары жана башкалар Нью-Йорк штатынын мыйзамдарын “системалуу түрдө бузуулар үчүн мыйзамдуу […]

You May Like