Баткенге авиа каттамдын баасы 6 миң сомго чыкты

Автор

Баткен облусуна авиа каттамдын баасы 6 миң сомдон, барып-келиши 12 сомдон болууда. Анын үстүндө  каттамдар өтө аз. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Чолпон Султанбекова Баткендиктердин суроо талабын айтып, билеттин баасын арзандатуу жана каттамды көбөйтүү маселесин көтөрдү.

Төрага Нурланбек Шакиев бул маселе  боюнча Акылбек Жапаров менен сүйлөшүлгөнүн, өкмөт Тез Жет авиакомпаниясынын жетекчилиги менен макулдашып, билетти арзандатып жатканын, керек болсо, дотация иретинде калган сумманы министрлер кабинети төлөп берээрин айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Мандат талаш парламентте көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин  “Элдик” депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев БШКны сындап, мандатынан кол жууган Өмүрбек Бакиров боюнча адилетсиз чечим чыкты деп эсептейт. Ал БШКны чакырып, мандат талаштын тегерегинде угуу өткөрүүнү бүгүнкү, 13 – сентябрдагы парламенттин   жалпы жыйынында сунуштады. Ал Көк-Жар бир мандаттуу округунан шайланган Өмүрбек Бакировдун 2 жылдан кийин мандаты туура […]

You May Like