Балдарын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелерди түрмөгө кесет

Автор

Пакистан балдарын жугуштуу ооруларга каршы эмдөөдөн баш тарткан ата-энелерди түрмөгө кесет же айып пул салат.  Тиешелүү мыйзам Синд провинциясында кабыл алынган, ал өлкөдө сентябрдан тарта күчүнө кирет.
Жаңы мыйзам Пакистандагы ар дайым жайылып кетүү коркунучу бар эндемикалык полиомиелитти жок кылуу үчүн кабыл алынган.
Эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер бир айга эркинен ажыратылышы мүмкүн же 50 миң пакистандык рупий (162 доллар) айып пул төлөшү мүмкүн.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, полиомиелит инфекциясы  Пакистан менен Афганистанда жайылган.
Үстүбүздөгү жылдын январында полиомиелитке каршы жалпы улуттук кампаниянын жүрүшүндө Пакистанда 62 миңден ашык ата-эне балдарын эмдөөдөн баш тартышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн “Ак шумкарлар” Дубайда жолдоштук беттеш өткөрөт

Бүгүн, 7-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы  Дубайда жолдоштук беттеш өткөрөт. Алар Бириккен Араб Эмираттарынын «Аль-Наср» клубу менен ойнойт. Белгилей кетсек, кыргыз футболчулары Бириккен Араб Эмираттарында окуу-машыгуу үчүн барышкан. Бул жолдоштук беттеш Дубай шаарында уюштурулат. Ошондой эле бул оюн коомчулукка чагылдырылбайт. Мындан тышкары Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы  12-октябрда Бахрейн […]

You May Like