“Акылман” президенттик лицейине 75 окуучу кабыл алынды

Автор

2023-2024-окуу жылына карата “Акылман” президенттик лицейине тандоо сынагы аркылуу 75 окуучу кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 15-августунан 22-августуна чейин жүргүзүлгөн тандоо сынагына республика боюнча 1 миң 220 окуучу катышты.

Тандоо экзаменинин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган окуучулардын саны:

– Бишкек шаары – 3

– Чүй облусу – 9

– Ысык-Көл облусу – 8

– Нарын облусу – 5

– Талас облусу – 3

– Жалал-Абад облусу – 17

– Ош шаары – 3

– Ош облусу – 18

– Баткен облусу – 9

Лицейге бардык региондордон, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана калктын башка аярлуу категорияларынан таланттуу балдар тандалып алынды. Тизме: https://edu.gov.kg/posts/1987/

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктын негизинде Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик адистештирилген жалпы билим берүү уюму формасында “Акылман” президенттик лицейи” мекемеси түзүлгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 25-августка карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 88.0 сомдон  болсо, сатуу  88.27 сомго   чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 88.22 сом  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

You May Like