Бүгүн, 16-июнда Бишкекте Манас проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишинде №132 маршрутканын айдоочусу мамыны сүзгөн. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айдоочу өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкон. Алдын-ала маалыматтар боюнча кырсыктын кесепетинен 7 адам жабыркаган. Жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда.
Териштирүү иштери жүрүп жатат.