Ирандын министри Израилдин чабуулун оюнчукка салыштырды

Wp Pw

Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиян Израилдин 19-апрель күнү эртең менен Исфахан провинциясында учкучсуз учактын чабуулуна катыштыгы бар экенин моюнга алуудан баш тартып, аны “балдардын оюнчуктарына” салыштырды. «Кечээ болгон окуя сокку болгон жок. Бул дрондорго эмес, биздин балдар ойногон оюнчуктарга окшош болчу»,-деди Абдоллахиян. Иран министри Нью-Йоркто болду. Ал Палестинанын […]

Иштебеген жетекчилер кызматтан кетишсин

Wp Pw

Жергиликтүү жетекчилер эл жыргалчылыгы үчүн иштебесе, кызматтан кетишет. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эл менен болгон кезектеги жолугушуусунда ушундай деди. “Айыл өкмөт, аким, губернатор жана мэрлер, эгер иштебесеңер орунду ээлеп отурбай бошотуп койгула. Иштейм деп чуркап жүргөн кадрлар көп”,- деди ал. Ошондой эле облустук ИИМ, УКМК, Сот жана прокурордун башчыларына жоопкерчиликти […]

Мурдагы УКМК төрагасы Бишкекте көрүндү

Wp Pw

2020-жылдагы октябрь окуяларында кызмат ордун таштап, өлкөдөн качып кетти делген УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев ак түстөгү жол тандабастан түшүп жаткан учурун журналисттер тартып калышкан. Ал учурда Бишкек шаарында жашап жатканы айтылууда. Кечээ башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттеги отчётунда суроолорго жооп берип жатып, Орозбек Опумбаевге издөө жарыяланган эмес деп билдирди. […]

Зеленский НАТОго катуу талаптарды койду

Wp Pw

Украин лидери Түндүк Атлантика альянсына коюлган талаптардын тизмесин түздү. Ал аларды Украина-НАТО саммитинин катышуучулары менен болгон видео чалуу учурунда айтты. Украина лидери альянс Киевге 1 миллион артиллериялык снаряд, жети Патриот зениттик-ракеталык комплекси же ушуга окшош абадан коргонуу системалары, ошондой эле алыскы аралыкка учуучу ракеталар жана артиллерия, заманбап ок атуучу куралдарды […]

Владимир Путин Достук оюндарын өткөрүү боюнча мыйзамга кол койду

Wp Pw

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Дүйнөлүк достук оюндарын өткөрүү боюнча мыйзамга кол койду. Тиешелүү документ укуктук маалымат порталында жарыяланды. Бул мыйзам эл аралык сынакты даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат. Мындан тышкары документ уюштуруучулардын ыйгарым укуктарын, иш-чараны каржылоону, жарнакты таратуунун өзгөчөлүктөрүн жана оюндарды өткөрүүдө соода ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү […]

Астанада Айкөл Манастын айкели ачылды

Wp Pw

Президент Садыр Жапаров бүгүн Астана шаарында Казакстан Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Айкөл Манастын айкелинин ачылыш аземине катышты. Кыргызстан менен Казакстандын Президенттери биргелешип Кабанбай баатыр көчөсүндөгү сейил бакка – жанына боз үй шаарчасы тигилген Айкөл Манастын эстелигине барышты. Эстелик Казакстандын баш калаасындагы Кабанбай баатыр атындагы борбордук көчөлөрдүн бирине орнотулду. Айкелдин […]